• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бийик тоолуу “Муз-Төр” чек ара заставасы электр энергиясы менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Бийик тоолуу “Муз-Төр” чек ара заставасы электр энергиясы менен камсыз болду. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-жылдан мурун курулган алыскы чек ара заставаларынын бири ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздандырылды.

Көмөк чордонду ишке киргизүү аземине энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев, министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жана “Кыргызстан УЭТ” ААК башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты.

110 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордонду куруу иштери 20 күндүн ичинде “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК жана “Чыгыш электр” ААКтын компанияларынын кызматкерлери менен өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү. Курулуш иштеринин жалпы суммасы 5 миллион 700 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Ишканадан билдиришкендей, буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан чек ара заставасы толугу менен дизелдик электр станциясына көз каранды болчу.

Көмөк чордондун курулушу менен бюджеттен жыл сайын болжол менен 2 миллион сом үнөмдөлөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында заставаны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча буйрук берген.

Пикир

Оставить комментарий