• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бийкечтерге күмүш сырга. III ДКОго катышууну каалаган узун бойлуу кыздарга кастинг жарыяланды

ДКО 2018 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына (ДКО) чырайлуу жана бою узун кыздар изделүүдө. Буга байланыштуу Beauty company Kyrgyzstan моделдик агенттиги атайын кастинг жарыялады.

Кезектеги ДКОго кыздарды тандоо иш-чарасы бүгүн жана эртең Бөкөнбаев/Раззаков дарегинде өтөт.

“Бою 170 метрден узун кыздар изделүүдө. Тажрыйба талап кылынбайт. Анткени үйрөнүүгө убакыт бар”, - деп айтылат маалыматта.

Бардык каалоочу бийкечтер өздөрү тууралуу кыскача резюмени (аты-жөнү, бою, жаш курагы, байланыш телефону) WhatsАpp тиркемеси аркылуу – 0700 30 33 33 номерине жөнөтүшсө болот. Дареги Бөкөнбаев/Раззаков көчөсү менен кесилишет, саат 13:00дөн кечки саат 19:00гө чейин.

Белгилей кетсек, мурунку ДКОдо кыргыз кыздарынын чырайына спортчулар жана башка өлкөдөн келген өкүлдөр суктанып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий