• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бийлик өкүлдөрү Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту.

Эл менен жолугушууга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Темирболот Абыкеев да катышты.

Дароот-Коргон айылындагы Маданият үйүндө өткөн жыйынды ачып жатып, Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул жолугушуулар, албетте, максаттуу мамилени эске алуу менен практикалык натыйжа бере тургандыгын,

ошондой эле айрым маселелерди бюрократтык кылып кечиктирбестен тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.

«Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн жыйындарга негизги мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары катышат», - деди ал.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ар бир адам өзүн түйшөлткөн маселе боюнча өз оюн ачык айта билүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын көпчүлүк катышуучулары көтөргөн негизги көйгөй сугат суунун тартыштыгы болду.

Ошондой эле ички жолдорду куруу, жаш үй-бүлөлөргө жеке турак жай салуу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, оруп-жыйноо иштерин аяктоо үчүн кошумча көлөмдөгү күйүүчү май бөлүү, Кызыл-Суу дарыясынын жээгине дамба куруу маселелери көтөрүлдү.

Чоң-Алай районунун жашоочулары актуалдуу көйгөйлөрдүн катарына бийик тоолуу жайыттарга байланыштуу дайыма орун алуучу талаш-тартыштарды айтышты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга келип түшкөн суроолорду системалаштыруу жана кыска мөөнөттүн ичинде аларга ар тараптуу жоопторду берүү же чечүү жолдорун сунуштоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий