• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бийлик өкүлдөрү Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кадамжай шаарынын тургундары укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү өз көйгөйлөрүн айтышты.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү, билим берүү мекемелеринде стадион жана спорт залдардын жетишсиздиги, социалдык инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле муктаж жана аяр категориядагы жарандар үчүн социалдык жөлөкпулдардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Көптөгөн тургундар мындай жолугушууларды мындан ары карай өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешти.

Күндүн экинчи жарымында Кызыл-Кыя шаарынын эли менен жолугушуу өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча, жергиликтүү калк менен түз байланыш түзүү жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында өлкөнүн аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн аймак тургундары менен жолугушуулары өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий