• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бийлик өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуулары башталды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдор Ысык-Көл районунун тургундары менен жолугушууда.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жарандардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында өтүүдө.

Жыйында тургундар жеке көйгөйлөрүн айтышып, бийлик органдарына, прокуратура жана ички иштер органдарына арыз-кайрылууларын жолдошту. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроолорду беришти.

Башкы прокурор өз сөзүндө, эл менен болгон жолугушуулар президенттин жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, эч бир арыз жоопсуз калбастыгын, мыйзам чегинде гана чечилээрин билдирди.

Учурда жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат жана ага 300дөн ашуун жаран катышууда.

Пикир

Оставить комментарий