• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бийлик өкүлдөрүнүн Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуулары уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрүнүн аймактарда эл менен жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кКабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушууда.

Жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында прокуратура органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын 500гө чукул тургуну катышууда.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Пикир

Оставить комментарий