• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бийлик өкүлдөрү Ноокен районунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн угууда

Аймак 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бийлик өкүлдөрү Ноокен районунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов, Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун эли менен жолугушууда.

Ошондой эле жолугушууга Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков жана тиешелүү жетекчилер, жергиликтүү тургундардан 300дөй адам катышты.

Жолугушууда Ноокен районунун жашоочулары бийлик өкүлдөрүнө бир катар көйгөйлөрдүй айтышты. Анын ичинде жайыт маселеси, соттор которулуп кетип иштер каралбай калган учурлар, бала бакчанын жери жеке менчикке өтүп, азыр ал жерге мечит салынганы жатканы, азык-түлүктөрдүн кымбатташына көзөмөлдүн керектиги, жол кырсыгы боюнча жүрүп жаткан тергөө ишинин жүрүшүнө нааразычылыктар бар экени, жерлерди трансформациялоо жана башка бир катар көйгөлөр көтөрүлдү.

Өз кезегинде бийлик өкүлдөрү айтылган маселелер көз жаздымда калбай турганына ишендиришти.

Пикир

Оставить комментарий