• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бийлик менен атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери укуктук талаада аракет кылды – саясат талдоочу

Коом 0

Бишкек, 08.08.19 /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен Атамбаевдин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Бул боюнча Марат Казакпаев пикирин билдирди.

"Укуктук талаа тууралуу айткан Атамбаев, аны өзү аткарбай жатат. Ал ультрарадикалдык саясатчы болуп баратат. Ал эмне айтканын түшүнбөй жатат. Атамбаев абалды туруксуздаштырууда. Бул жерде катуу чара көрүү керек. Бийлик укуктук талаанын алкагында аракет кылып жатканын көрүүдөбүз. 7синен 8-августка караган түнү өткөрүлгөн иш-чара укуктук талаада жүргөн, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим ок колдонгон. Мындан мурда суракка үч ирет чакыруу келгени менен Атамбаев суракка келген эмес. Аны күчтөп алып келүүнүн боло турганы логикага туура келет", - дейт ал.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери жүргүзгөн.

УКМК белгилегендей, операция маалында желим октор колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий