• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бильярдчы Дастан Лепшаков Россиядагы дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18. / Кабар/. Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Россияда өткөн бильярд боюнча дүйнө биринчилигинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу “Дуплет” сайты жазат.

Маалыматка ылайык, мелдеш 28-ноябрда Тюмень шаарында бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча өткөн.

Лепшаков россиялык спортчу Виталий Вершков, Олег Еркулевду, Беларусь спортчусу Валерий Чижовду жана мекендеши Азиз Мадаминовду жеңген. Жарым финалдык беттеште россиялык Артем Баловго утулуп калган.

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу менен россиялык Семен Зайцев үчүнчү орунга илинишкен.

Пикир

Оставить комментарий