• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бильярдчы Дастан Лепшаков Россиядагы эл аралык турнирде жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Россияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү болгон. Бул тууралуу “Дуплет” сайты билдирет.

Турнир Ростов-на-Дону шаарында 16нан 21-октябрь күндөрү болгон.

Кыргыстандан барган спортчу Дастан Лепшаков баардык атаандаштарын жеңип, жарым финалда Нодирбек Мирзаевди (Өзбекстан) жана финалда Иосиф Абрамовду (Россия) артта калтырган.

Ошол эле турнирде Кыргызстандан барган Арсен Каленбаев бешинчи орунду жана Азиз Мадаминов тогузунчу орунду ээлеген.

Жалпысынан турнирде тогуз өлкөдөн 240 спортчу катышкан, анын ичинен 12 спортчу Кыргызстандын өкүлдөрү болгон.

Пикир

Оставить комментарий