• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бильярддын пирамида түрү боюнча конфедерациясынын президенти Павел Завальный Кыргызстанга келди

Спорт 0

Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бильярддын пирамида түрү боюнча конфедерациясынын президенти, Россиянын Мамлекеттик Думанын депутаты Павел Завальный Кыргызстанга келди. Аны аэропорттон Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин орун басары Канат Арпачиев тосуп алды.

Завальный Чолпон-Ата шаарында 8-августта өтө турчу бильярд боюнча эл аралык "Эркин пирамида" биринчилигинин ачылышына катышат.

Биринчилик ЕАЭБ тууралуу келишимдин түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына, Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналат.

Бильярд боюнча мелдеш 13-августта аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий