• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билети жок жүргүнчүлөрдү ташыган фактылар аныкталды - Коопсуздук Кеңеши

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Мурда билдирилгендей, «Бишкек-Москва», «Бишкек-Новокузнецк-Бишкек» жана «Бишкек-Казань-Бишкек» каттамдары боюнча каттаган поезддердин билети жок жүргүнчүлөрдү ташыганы тууралуу Алия Асанбаеванын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн фактылар аныкталды. Азыр бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.

Мындан тышкары, ушул сыяктуу фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 173- беренесинин 1-бөлүгүндө (Алдоо же ишенимден ашкере пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү), 221-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануусу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 5-сентябрында кылмыш иши козголгон.

Мындан аркы иликтөөнү уюштуруу ошондой эле финансы полициясынын бөлүкчөлөрүнө да тапшырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерин натыйжалуу жана ыкчам иликтөө максатында ыкчам-тергөө топтору түзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча тергөө тарабынан бардык күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилет, ошондой эле кыска мөөнөттө материалдарын соттун кароосуна өткөрүү үчүн чаралар көрүлөт.

Кошумча маалыматтар тергөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет.

Пикир

Оставить комментарий