• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим алууну каалаган жаштар үчүн Кытайда окуунун жол-жоболору

Коом 0

Саламатсызбы урматтуу окурман. Менин аты-жөнүм – Нуркадыр уулу Тынчтыкбек. Өзүм Бишкектен болом. Биринчи классымдан бери илимге-билимге жакын өстүм. Билим аркылуу дайыма ийгилик болооруна ишенип келем. Кызыктуу жагдай, мен биздин сүйүктүү мекенибиз Кыргызстан эгемендик алган жылы жарык дуйнөгө келип, жаңы замандын, өзүнчө көз карандысыз турмуштун биринчи мууну болуп калдым.

Кыргызстандын алгачкы кадамдарын түптөөдө, бизге окшогон жаштар негизги ролду ойнойт. Муну азыркы муун так билүүсү зарыл деп ойлойм. Биз кандай болсок – кандай умтулсак, илимибизге, тарбиябызга, көз карашыбызга жараша – Кыргызстан да ошондой болооруна терең ишенем. Кантсе да – ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Албетте, эгемендиктин биринчи жылдары оңой болгон жок – жакырчылык, ички, тышкы миграция, соода, базар экономикасы, чоңдордун кыянаттыгы, коррупция жана башка көйгөйлөр. Дагы да болсо, мындай терс көрүнүштөр өзүнүн караанын көрсөтүп келет. Мындай шартта, азыркы кыргыз жаштары өзүнүн күчүнө гана ишенип, билим аркылуу өнүгүү жолуна түшө алат – бул талашсыз.

Бүгүнкү күндө Кытайда билим алып, керектүү тажрыйба топтоп жүрөм. Оюмда, бул өнүккөн мамлекеттен азыркы замандын талабына, чакырыктарына жооп берчү билим алып келип, өз мекениме кызмат кылсам дейм.

Өнүккөн мамлекет, азыркы талаптарга жооп берчү билим дегеним: өзүңүздөр байкап жүргөндөй, азыркы заман жылдап эмес, мүнөттөп өнүгүп, улам жаңы технологиялар жана жабдуулар пайда болууда. Кытай мамлекети дагы, акыркы жылдары технологиялык жактан абдан катуу прогресс жасап, дүйнөнүн алдыңкы саптарына чыкты. Бүгүнкү Кытайдын билим берүү системасы да абдан өнүккөн.

Мен Кытайдын Ички Монголия провинциясында окуйм. Окуу жайдын аталышы да бир кызыктуу угулат – “Ички Монголия университети“. Ал эми, биз жашап, окуган Хух-Хот шаары – Ички монголиянын борбору.

Шаар ичи абдан таза жана кооз. Көчөлөрү, сейил бакчалары монгол улутуна тиешелүү улуттук колориттеги оюмдар менен кооздолгон. Түрлүү бак дарактар шаардын көркүн гана ачпастан, адамдын да көңүлүн сергитет. Сейил бакчаларында атайын колго жасалма көлчөлөрү көргөн көздү сүйүнтсө, тегерегиндеги машыктыруучу жасалгалары дене-бойду чыйралтып, ден соолукту чыңдайт. Жолдордун үстү жөө жүргүнчү жана машинадан тышкары, коомдук автобустарга жана веложолго деп төрт тилмече салынган. Башкы максаты, жолдогу кырсыкты азайтуу. Негизи шаар, ички жана сырткы туристтердин саякаттоосуна абдан ылайыкташтырылган. Шаар ичинде өтө көп сандагы тарыхый жана маданий курулуштар көп. Бул шаарда Кыргызстанда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан коомдук даараткана жөнгө салынган. Баса белгилеп кетсек, шаардын дээрлик баардык жеринде камера коюлган, бири-биринен алыс эмес аралыкта полициянын постору бар. Алар кышы-жайы көчөдө тикесинен тик туруп коомдук көзөмөлдү карашат. Айтор, шаар тургундарынын жүрүм-туруму, ден соолукка кам көрүшү, уурулуктун жокко эсе болгону мени суктандырды.

Кытайда окуу

Өзүм окуган университетте билимге болгон талап катуу. Бул жакта Кыргызстандагыдай чейрек аягында келип, сүйлөшүп бүтүрүп кетмей жок. Окуу жайда студентке керектүү баардык шарттары түзүлгөн. Жатакана бекер, стипендия бир айда бир берилет. Тамак-аштан тышкары өзүңдүн турмуштук муктаждыктарына кенен жетет. Чынында, бул жакта студенттерге окууда жеңилдиктер жана эркиндик берилген - өзүнө жаккан сабакты же спортту тандасан болот. Ошондой эле көп түрдөгү маданий иш-чараларга катышса да болот. Университет көп тармакта билим берет - гуманитардык, лингвистика, химия жана физика факультеттери. Учурдун талаптарына ылайык жасалгаланган лабораторияларда сабактар өтүлөт. Юриспруденция, экономика факультеттеринде чектөө киргизилгендиктен, ал факультеттерде биздегидей көп сандагы студенттер окуй алышпайт.

Мугалимдердин иштеп чыккан окутуунун сапаты мыкты уюштурулган. Ал Кытайдын студенттери эртеден кечке окуунун үстүндө талыкпай билим алышына багытталган. Дагы бир кызык жагдай, Кытай мамлекети жылга мамлекеттик жумушка ачык сынак жарыялайт. Ким көп балл топтосо, жумушка алынат. Бул жактагы мугалимдердин айтымында, кээде бир орунга жүз-миң деген талапкерлер катышкан кундөр болот. Ушундан уламбы, окуу жайдын китепканасынан бош орун таппай каласын. Ошондой эле, окуу жайдын айланасында топтошкон кыз балдарды көрө албайсың. Кытайдын өнүгүп жаткандыгынын бирден-бир себеби, билими мыктылардын мыктысы гана мамлекеттик жумуштарда иштегени деп ойлойм.

Окууга тапшыруу

Биринчиден төмөндөгү көрсөтүлгөн дарекке кирип туура жана маалыматтар толук толтурулушу шарт: www. Studyinchina.csc.edu.cn (Эскертүү: кытай же англис тилинде толтурулат. Суроолор болсо кайрылсаңар болот: ti190ti@gmail.com, rakhmanov-2019@bk.ru).

Окуу акысыз. Бакалавр, магистр, докторантурада окууга стипендия берилет. Өзүңөрдү сынап, аракет кылсаң тапшыра аласыңар.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызга салам айтам.

Пикир

Оставить комментарий