• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү базасы жок иштеген 7 медресе жабылды – Дин иштери боюнча мамкомиссия

Коом 0

Бишкек, 27.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда жети медресе билим берүү базасы жок иштеп келген. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешев билдирди.

Ал бул медреселер каттоодон гана өтүшүп, өз ишмердигин жүргүзүүгө лицензия алышканын түшүндүрдү. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында алардын эч кандай базасы жана ресурстары жок экени аныкталып, ушул себептен алар жабылган.

“Ошондой эле өткөн жылы 23 медресе окуучуларынын билим деңгээли жана окуу планындагы жетишсиздиктер үчүн эскертүү алышкан. Бардык эскертүүлөрдү оңдоо үчүн аларга үч ай берилген”, - деп билдирди Эргешев.

Ал эскертүүлөр тиешелүү деңгээлде оңдолбосо, аларга кайрадан эскертүү жасалып, дагы бир май берилерин кошумчалады. Ошондо дагы эч кандай өзгөрүү болбосо, анда алар өз ишин токтотууга мажбур болушат.

Пикир

Оставить комментарий