• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү – Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү пайдубалдык база

Коом 0

Бишкек, 17.08.18 /Кабар/. Билим берүү системасы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн пайдубалдык база болуп саналат. Бул тууралуу педагогдордун Август конференциясынын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Министр белгилегендей, билим берүү туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы менен бирге өнүгөт.

“Кыргызстандын бардык билим берүү системасы үчүн бүгүнкү иш-чара өтө маанилүү болуп эсептелет. Педагондордун Август конференциясы – бул салттык кеңешме. Жалпысынан конференциянын өзгөчөлүгү – жакында эле 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы тартууланды, анын борборунда Кыргызстандагы адам ресурстарын өнүктүрүү жана адам потенциалын түзүү турат. Билим берүү системасы өлкөбүздүн фундаменталдык базасы катары каралып жаткандыктан, Кыргызстандын билим берүү системасына бул өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт”, - деди Кудайбердиева.

Белгилей кетсек, бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында педагогдордун Август конференциясы өтүүдө.

Мугалимдер үчүн бул окуу жылы башталар алдындагы негизги окуя. Иш-чарага педагогдор, ректорлар жана билим берүү кызматкерлер чогулушкан.

Пикир

Оставить комментарий