• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү мекемелеринде китеп фондун инвентаризациялоо үчүн китепканачыларды окутуу башталды

Билим 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Республиканын жалпы билим берүүчү мекемелеринде китеп фондун инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн мектеп китепканачыларын окутуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айына чейин республиканын 2196 жалпы билим берүү уюмдарынын китепканалары окуу китептери фонддорун инвентаризациялоо жана «Жаңы китеп» автоматташтырылган маалымат системасын бүткүл өлкө боюнча жайылтуу үчүн жабдуулар менен комплекттелет. Бул жабдыктар менен камсыздоо Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун мектеп окуу китептерин башкаруу процессин автоматташтыруу, анын ичинде колдо бар окуу китептерин эсепке алууну, китепканачылардын отчеётторун түзүүнү, жаңы окуу китептерин алуу үчүн арызды каттоо, боюнча системалуу ишинин этаптарынын бири болуп саналат.

"Ижарага алуу процессинин эффективдүүлүгүн, калыстыгын жана ачыктыгын жогорулатуу, мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу жана бөлүштүрүү максатында андан ары башкаруу үчүн «Жаңы китеп» автоматташтырылган маалымат тутуму мурда долбоордун ишмердүүлүгүнүн алкагында түзүлүп, «Жаңы китеп» мекемесине өткөрүлүп берилген. Инвентаризациялоо үчүн керектүү жабдуулар компьютерди, көп функциялуу инструментти (принтер + сканер + көчүрмө) жана QR коддорун окуу китептеринен окуу үчүн сканерди камтыйт",-деп айтылат министрликтин билдируүсүндө.

Мындан тышкары, окуу китептерин инвентаризациялоодо жана бул процессти автоматташтырууда борбордук фигура мектеп китепканачысы экендиги талашсыз. Китепканачынын иши көбүнчө күнүмдүк мүнөздө болгондуктан, көп убакытты, чыдамдуулукту жана физикалык күчтү талап кылары жашыруун эмес. Ошондуктан китепканачыларды компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү, жабдууларды жана маалымат системасын пайдалануу «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоору КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Жаңы китеп» мекемеси менен биргеликте жүргүзгөн эбегейсиз зор иштердин логикалык жыйынтыктыгы болуп калат.

17-майдан 29-майга чейин «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоору тарабынан тренерлерди даярдоо боюнча тренингдер уюштурулуп, өткөрүлдү. Тренерлер катары окутууну 100 мектептин китепканачылары, инновациялык мектептердин информатика мугалимдери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, аймактык методикалык борборлордун адистери өтүштү. Тренерлер долбоордун колдоосу менен июнь айынын экинчи жарымынан баштап республиканын бардык аймактарында мектеп китепканачыларын окутушат.


 

Пикир

Оставить комментарий