• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү мекемелеринде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жандандырылды

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Билим берүү мекемелеринде балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жандандырылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЖККББнын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алууга багытталган комплекстик иш-чараларды башташты.

Бул иш-чаранын алкагында кызматкерлер бекитилген мектептерге барып, мектептердин айланасында жол коопсуздугун көзөмөлдөө, мектеп окуучулары менен жолугушуулар жана сабактар өткөрүлүп турат. Жөө жүргүнчү жана унаа ичинде жүргүнчү катары бара жатып кырсыка учураган балдары катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында, билим берүү мекемелеринде оффлайн сабактар башталгандыктан, кызматкерлер мектепке үзгүлтүксүз барып, бекитилген мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий