• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министри 6 миң мугалимдин жумуштан кетишинин себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 6 миң мугалимдин жумуштан кетишинин себебин түшүндүрдү.

2018-жылдын январь айында буйрук чыгып, ага ылайык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн жаңылыктарды киргизүү чечими кабыл алынган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

“Биз бул маселеге жоопкерчиликтүү жана комплекстүү мамиле жасоого аракет кылып жатабыз. Буга чейин чыгарылган буйрукта мугалимдердин ушундай санын кыскартуу каралган эмес. Биз сынга кабылдык, бирок ушундай кылышыбыз керек болчу”, - деди министр.

Анын айтымында акыркы убакта мугалимдердин саны 6-7 миң адамга өскөн.

“Көбүнчө аймактарда – өлкөнүн түштүгүндө окуу жүгүн майдалоо болду, мугалимдин жумасына 3-4 эле сааты болсо, ал жумушуна кылдаттык менен мамиле кылбай калат. Окутуучу квалификацияны жогорулатууга аракет жасашы керек. Бул алардын айлыгынын көбөйүшүнө шарт түзөт. Мисалы, азыр жумасына 10 саат сабагы болгон мугалимдин айлык акысы 8 миң сомду түзөт. Биз азыр мугалимдердин сааттары көп боло тургандай кылдык. Бул жакшы түшүмүн берет”, - деди Кудайбердиева.

Пикир

Оставить комментарий