• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри: Агрардык университет дыйкандар менен тыгыз кызматташуусу керек

Билим 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 11-декабрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз улуттук агрардык университетине барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр окуу жайдын жалпы абалы, лаборатордук-техникалык, илимий базасы менен таанышты.

Бейшеналиев университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен өткөн жыйналышта агрардык сферада болуп жаткан дүйнөлүк тенденцияларды изилдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстандын ичиндеги жергиликтүү шарттагы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо дагы өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

“Агрардык сектордогу дыйкандар менен тыгыз байланыш түзүү керек. Аларга багыт берип, квалификациясын жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштурсаңыздар жакшы болот. Бир гана бакалавр жана магистрлер менен чектелбеңиздер”, - деди министр.

Ошондой эле Бейшеналиев түрдүү дисциплиналарды бириктирип, IT-агрономия, IT-биология ж.б. сыяктуу замандын талабына жараша жаңы кесиптерди ачуу үчүн Агрардык университетте бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, актулдуулугун жоготкон кафедраларды жоюунун эч кандай уяты жок жана билим берүүдө оптимизация жасоо азыркы замандын талабы экенин белгиледи.

Мындан сырткары министр мугалимдерди билим берүүгө чеберчилик, креативдүүлүк менен мамиле жасоого үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий