• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Билим берүү министри балдардын Республикалык реабилитациялык борборуна барды

Билим 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ибн-Сина атындагы балдардын Республикалык реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр аталган борбордо түзүлгөн шарттар менен таанышып, балдардан кабар алды.

"Алмазбек Бейшеналиев министрликтин атынан реабилитациялык борборго алты даана компьютер белекке берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий