• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри БДИМ уюмунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 19-майда, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик (БДИМ) уюмунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары, атап айтканда, жогорку окуу жайлар аркылуу кызматташуу жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары, атап айтканда, жогорку окуу жайлар аркылуу кызматташуу жолдору талкууланды.

БДИМнун аймактык жана улуттук өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары Хасан Глейб бул максатка жетүүдө Африка, Азия-Тынч океан, Европа жана Латын Америкасынан тандалып алынган жогорку окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырылып жаткан интеллектуалдык менчик жаатындагы магистрлерди даярдоонун биргелешкен программалары чоң мааниге ээ экенин айтты.

Алмазбек Бейшеналиев быйыл дүйнөнүн булуң-бурчтарынан 200 университеттин ректорлору катыша турган “ Туруктуу өнүктүрүү үчүн университеттик билим берүүнү жана илимдин пост-ковиддик трансформациясы” Эл аралык форуму тууралуу маалымат берип, ИМБДУну бул иш-чаранын биргелешип уюштуруучусу болууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана илим тармагында мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий