• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри Бишкектеги азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жатак-мектебине барды

Билим 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Бишкек шаарында жайгашкан азиз жана көрүүсү начар болгон балдар үчүн атайын жатак-мектебине барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жатак-мектебинин директору Урсеитова К.А. мектеп менен тааныштырып чыкты. Министр жатак-мектебинин жалпы абалы, кол өнөрчүлүк кабинеттери, компьютердик жабдыктар, китепкана, ашкана жана балдардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты.

Интернатта балдарды спортту сүйүүгө тарбиялоо максатында машыгуучу залы дагы бар.

Андан соң министр мектеп-интернатынын мугалимдик курамы менен жолугушту. Бейшеналиев аларга балдардын келечеги үчүн жасап жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин атынан сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий