• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Билим берүү министри Болотбек Купешев Кара-Суу районуна барды

Билим 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ош облусунун Кара-Суу районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №66 Ленин атындагы орто мектепте өткөн жыйынга министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлай Машрапова, ошондой эле билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

Б. Купешев Кыргыз Республикасынын президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу маселелерине токтолуп, жетекчилерди мектепке чейинки билим берүү мекемесинен тарта билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөгө, тарбиялануучулардын жана окуучулардын адеп-ахлактуу, мекенчил, ыймандуу болуп өсүп-жетилишине жетишүүгө милдеттендирди.

Жыйын учурунда катышуучулар тарабынан социалдык-экономикалык жана укуктук мүнөздөгү орчундуу маселелер кеңири талкууланды.

Талкуунун өзөгүн мектептерди учур талабына ылайык компьютерлер жана окуу китептери менен жетишерлик камсыздоо, жаш адистерге практикалык жардам көрсөтүү, мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарын уюштуруу, мугалимдердин жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүү, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу, “Жаш мугалимдин депозити” долбоору боюнча ишти кайра жандандыруу, менчик турак жайы жок мугалимдерге үй куруу үчүн жер тилкесин алууга жардам берүү маселелери түздү.

Жыйындан кийин министр Кара-Суу шаарындагы зээндүү балдар окуган Кычан Жакыпов атындагы № 61 гимназияга, “Секом”, “Рекорд” окуу борборлоруна барып, аталган мекемелердеги кошумча билим берүүнүн уюштурулушу, окуу-тарбия иштеринин жүрүшү жана алардын көмөкчү чарбасы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий