• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министри БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРдагы директору менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кодзиро Накай менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кодзиро Накай «Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын алкагында башталгыч класстын окуучулары үчүн түрдүү пайдалуу тамактар ​​даярдала башталгандыгын билдирди.

Тараптар мектеп жана мектепке чейинки тамактанууну уюштуруу боюнча иштерди талкуулашты:

  • ашпозчуларды жана ашкана кызматкерлерин окутуу;
  • ашпозчулардын кызматтык нускамаларын даярдоо;
  • билим берүү уюмдарына "Рецепттер китебин" жайылтуу;
  • Баткен облусунун Кадамжай районундагы логистикалык борборду 100 миң АКШ доллары бюджети менен реконструкциялоо жана оңдоо;
  • бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу.

Министр мектеп жана мектепке чейинки уюмдар ашканаларын жакшыртууга муктаж экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-жылы төмөндөгүлөрдү ишке ашыруу пландалды:

  • Өлкө боюнча 300гө жакын мектепте ысык тамак берүүнү ишке киргизүү. Анын үчтөн экиси түштүктө жайгашкан;
  • Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жергиликтүү фермерлер жана өндүрүшчүлөр менен байланыш түзүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Программанын аткарылышын көз карандысыз башкаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн методикалык куралдар жана материалдар менен камсыз кылуу;

Алмазбек Бейшеналиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий