• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри Чүй мектеп-интернатынан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүйдөгү жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатына иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп-интернат Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүндө жайгашкан.

Министр балдардын жашоо жана окуу шарттары менен таанышты. Мектеп-интернатта жылытуучу меш бар. Бирок жылытуучу меш, жалпы жылытуу системасы капиталдык ремонтко муктаж. Муну менен катар уктоочу жайлардын чатыры, ашкана жана мончо дагы капиталдык ремонтко муктаж. Министр бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды берди.

Бейшеналиев балдар менен маектешип, алардын ой-максаттарын, келечекке койгон пландарын укту. Андан соң ашканага барып балдарга берилүүчү беш маал тамактын менюсу менен таанышты.

Ошондой эле, министр иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылындагы атайын жалпы билим берүүчү (жардамчы) мектеп-интернатынын абалы менен дагы таанышты.

Мектеп-интернатынын негизги максаты – балдардын интеллектуалдык өсүүсүндөгү бузулууларды коррекциялоо. Бул билим берүү, тарбиялоо, кесиптик даярдык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандыруу, социалдык адаптация жана интеллектуалдык өсүүсүндө бузулуулар бар балдар менен интеграциялашуу аркылуу ишке ашат. Мектеп-интернатындагы билим берүү процесси жыл сайын министрлик тарабынан бекитилген атайын окуу планынын талаптарына жооп берет.

Министр балдар, мугалимдер менен баарлашып, министрликтин атынан аларга жомок китептерди, колдонмолорду белек кылды. Балдар дагы кол өнөрчүлүк бөлмөсүндө өздөрү жасаган эмгектерин министрликтин өкүлдөрүнө белек кылышты.

Бейшеналиев мугалимдерди балдардын келечеги үчүн жасап жаткан эмгегине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, министр мектеп-интернаттарындагы балдарды 5 маал тамак менен камсыз кылган ашпозчулардын өзгөчө эмгегин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий