• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министри Чүй облусундагы көйгөйлүү мектептерге барды

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүй облусундагы көйгөйлүү мектептерге иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапарынын алкагында министр Чүй районунун Калыгул айылындагы Т.Оңолбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган мектептин эскилиги жетип авариялык абалга келгендиктен, 2020-жылдын август айында мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган. Учурда мектептин 1-кабаты курулуп, 2-кабатын куруу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Ата районунун №3 Ивановка башталгыч мектебинин дагы эскилиги жеткен. 2018-жылдын январь айында жаңы мектеп куруу иштери башталган. Бирок азыркы тапта каржылоо токтогонуна байланыштуу курулуш иштери 2-кабатка келип токтоп калган.

Министр жогорудагы маселелерди чечүү үчүн бардык аракеттерди жасай тургандыгын белгилеп, тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий