• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министри Екатеринбургдагы китепкана борборунун “Кыргыз адабияты бурчуна” китептерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кечээ, 5-январда КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Россиянын Екатеринбург шаарындагы китепкана борборунун “Кыргыз адабияты бурчуна” китептерди тапшырды. Булд тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылынын алкагында, 2020-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу менен “Маалыматтык Екатеринбург китепкана борбору” Муниципалдык бюджеттик маданий мекемесинин ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишим түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун маалыматында жазылган.

Келишимде “Екатеринбург китепкана борборунда” кыргыз адабиятынын бурчун ачуу белгиленген. Ал Екатеринбург шаарынын коомчулугунун кыргыз көркөм адабияты, маданияты улуттук элдик чыгармачылыгы менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, аталган бурч Екатеринбургда жашаган кыргыз мекендештерибиз үчүн маалыматтык жана маданий ресурс болуп калууга багытталган.

Ушундай жагдайга байланыштуу Башкы консул Руслан Бийбосунов КР Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстан тууралуу көркөм, тарыхый китептер, элдик кол өнөрчүлүк, видеотасма жана башка материалдар боюнча көмөк көрсөтүү жагын өтүнүп кат жолдогон.

КР Билим берүү жана илим министрлиги бул сунушту дароо колдоого алып, тиешелүү материалдарды топтоого киришти. КР Улуттук илимдер академиясынан “Окурмандын китеп текчесинде” сериясынын алкагында чыккан китептерден, министрликтин алдындагы Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институту тарабынан даярдалып, басылып чыккан тил үйрөтүү китептери, усулдук колдонмолор, ошондой эле “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан топтолгон көркөм адабий китептер 2021-жылдын 5-январында аталган мекеменин вице-консулу Чолпонай Аджиматова КР билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тарабынан тапшырылды. Белгилей кетүүчү жагдай министр Алмаз Бейшеналиев өздүк китепканасынан өзү тарабынан англис тилинен которулган китебин кошо тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий