• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Билим берүү министри Исаков: 1200дөн ашуун видеосабактар тартылды

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Азыркы күндө 1200дөн ашуун видеосабактар тартылды, - деп билдирди өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Министр мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары 8-апрелден тартып аралыктан жүрүп жаткандыгын эске салды. Ал эми жогорку жана орто окуу жайларда бул процесс 16-марттан бери ишке ашып жатат.

"Азыркы күндө биз 1200дөн ашуун видеосабактарды тарттык. Негизинен төрт багытта иштеп жатабыз. Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана башка 10го жакын телеканалардан кетип жатат. Күн сайын 15-20 мүнөткө чейин созулган 14-15 сабак көрсөтүлүүдө", - деп билдирди министр.

Ал кошумчалагандай, аталган сабактар YouTube каналына да жайгаштырылган, башкача айтанда, кайрадан кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

""Ынтымак" каналы аркылуу өзбек тилиндеги сабактарды да жакында киргиздик", - дп кошумчалады министр Исаков.

Пикир

Оставить комментарий