• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Билим берүү министри Исаков Бүткүл дүйнөлүк банктын КРдагы туруктуу өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар Дүйнөлүк банктын КРнын 2021-2030 өнүгүү Стратегиясынын билим берүү багытын колдоого даярдыгын талкуулашты. Анда артыкчылык катары санариптештирүү жана компьютерлештирүү багыттары аныкталган.

Министр Исаков өз кезегинде окуучулардын жана мугалимдердин билим сапатын жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда тараптар мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү максатында айыл жергесинде 500 мектепке чейинки мекеме түзүү маселеси талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий