• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Билим берүү министри Исаков Таластагы эки мектептин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жумуш сапары менен Талас районуна барып, райондогу эки мектеп, бир бала бакчанын абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Райондогу 100 окуучуга ылайыкташкан Балбал орто мектебинде учурда 200 бала үч сменада билим алып жатат. Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2015-жылы мектеп авариялык абалда деген бүтүм чыгарган. Жаңы мектептин куруу иштери 2015-жылы башталып, пайдубалы салынган. Андан бери жумуш токтоп турган. Министр окуу жайдын курулушун жандантууну 2020-жылдын бюджетинин эсебинен ишке ашыруу планы бар экенин билдирди.

"Андан соң, министр Казак Момункулов орто мектебине барды. Билим берүү мекемесине 2018-жылы “Манас” лицей-интернаты кошулган. Интернатка быйыл дагы 50 окуучу кабыл алынып, класстык бөлмөлөр жатаканага бөлүштүрүлгөн. Учурда лицей-интернат өзүнчө жатакана корпусуна муктаж. Министр бул маселени да келерки жылдын иш планына киргизүүгө аракет кыла турганын айтты", - деп кабарлашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Андан тышкары, Каныбек Исаков Талас облусуна болгон сапарынын алкагында Талас районундагы №18 “Нагима апа” бала бакчасы менен таанышкан.

Мында учурда 120 бала тарбияланат. Министр мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги жакшы иштерди көрүп, тарбиячылардын эмгегине ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий