• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министри иш сапары менен Нарын облусунда болду

Аймак 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев үч күндүк иш сапары менен Нарын облусун кыдырып келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапары учурунда ал облустун Жумгал, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор райондорундагы жана Нарын шаарындагы билим берүү уюмдарынын абалы, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен таанышып, педагогикалык жамаат менен жолугушту.

Иш сапарынын акыркы күнүндө Болотбек Купешев министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев менен жолукту. Жолугушуу маалында министрлик өзүнүн түздөн-түз милдети болуп саналган билим берүү саясатын жүргүзүү менен гана чектелбестен, республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен мектеп жана бала бакча маселелерин чечип берүү милдетин аркалап жүргөнүн, жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул маселелердин үстүндө комплекстүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Жалпылап айтканда, облуста билим берүүнүн сапаты жакшы деп айтууга негиздер бар. Бирок жылдар бою чечилбей келе жаткан финансылык-чарбалык маселелер билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатканын жаап-жашырууга болбойт.

Облустун билим берүү тармагындагы эң көйгөйлүү маселе – эскилиги жеткен, авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңысын куруу, курулуш иштери башталып, бирок токтоп турган объекттерге каражаттарды өз убагында бөлүү, ошондой эле муктаж айылдарга бардык шарты бар бала бакчаларды куруу.

Маалымат катары айта кетсек, учурда республика боюнча авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Айрымдарынын курулушу мындан бир нече жыл мурда эле башталып, каражат бөлүнбөгөнүнө байланыштуу токтоп турат. Дубалы тургузулуп, чатыры жабылбай, жаан-чачында калып, четинен урай баштаган ондогон объекттер бар. Мындан улам курулуш жаатындагы мамлекеттик саясатты кайра карап чыгып, приоритеттерди аныктап алуу зарылчылыгы келип чыгууда. Антпесе, мамлекеттик казынага жүздөгөн миллион сомдук зыян келтирилиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий