• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министри Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү окуу жайларды кыдырууда

Билим 0

Бишкек, 17.05.22./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы окуу жайларды кыдырууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Бүгүнкү сапары Ысык-Көл мамлекеттик университетинен башталды. Анда министр мекеменин окутуучу курамы, окутуунун жүрүшү, материалдык-техникалык базасы жана илимий лабораториялар менен таанышты.

Кыдыруу учурунда Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайдын ректоруна стартап борборлорду түзүүнү тапшырды.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – аймактагы алдыӊкы жогорку окуу жайы. 1940-жылдан бери студенттерге билим берип келген университеттин курамына 8 факультет кирет. Сабактар 7 окуу корпусунда жүргүзүлүп, аларда 142 окуу аудиториясы, 49 окуу-методикалык кабинет, 14 лекциялык зал, 20 компьютердик жана 6 мультимедиялык класстар бар.

Университеттин илимий китепканасы аймактагы эле эмес, республикабыздагы эӊ бай китепкана болуп эсептелет. Бул жогорку окуу жайдын диплому КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган.

Пикир

Оставить комментарий