• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев интернетте чуу жараткан мектепке барды

Билим 0


Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

№91 мектепке ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова дагы барды.

Эскерте кетсек, №91 мектеп-гимназиянын окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видео социалдык тармактарга тараган.

Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди.

Каныбек Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырды.

“Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?”, - деди министр.

Каныбек Иманалиев мамлекеттик саясат дагы мугалимдерди колдоого багытталганын белгилеп, президент билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Ошондой эле министр кайсы окуучу жакшы эжей, мектеп, билимдин баркын жөнүндө ролик жасаса, окуучуларга атайын сыйлык бере тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий