• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев ОшМУда болду

Аймак 0

Бишкек, 28.04.23./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) иш сапары менен болду.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапардын алкагында Каныбек Иманалиев ОшМУнун башкы корпусунда уюштурулган сүрөт, кол өнөрчүлүк, студенттердин санарип багытындагы эмгектеринин көргөзмөсүнө күбө болду. Ошондой эле ал “Санарип университет” аталышындагы санариптештирүү багатындагы жасалган иш-аракеттердин презентациясын көрдү.

Билим берүү министри ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашты. Жолугушууда Иманалиев өлкөдө азыркы онлайн билим берүүнүн пайдубалын тургузуп, өнүктүрүүдө мурунку ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун орду чоң экенин баса белгиледи.

ОшМУда жасалып жаткан иштер өлкөдөгү бир топ ЖОЖдорго үлгү экенин, айрыкча санариптештирүүдө ОшМУ лидер боло алганын билдирди. Ал Оштогу университеттер ОшМУга карап өнүп-өсүп келе жатат деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий