• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министри кесиптештерин замандын талабына жараша жаңыча иштөөгө чакырды

Билим 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ош облусуна барды, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрдин иш сапары Ош шаарындагы курулушу толугу менен бүтпөй токтоп турган мектептин имаратынын абалы менен таанышуудан башталды. Министр тиешелүү адистер менен көйгөйдү талкуулап, мектеп курулушун бүтүрүү үчүн министрлик көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Андан соң Бейшеналиев билим берүү кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга Ош билим берүү институтунун директору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору катышты. Министр жыйындын катышуучулары менен билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулап, кесиптештерин замандын талабына жараша жаңыча иштөөгө чакырды.

Иш сапарынын алкагында билим берүү министри Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, окуу жайдын санариптик технологиялары менен таанышты. Ошондой эле министр Ош мамлекеттик университетинде КРдин Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты.

Министрдин иш сапары андан ары Ош облусунун Ноокат шаарындагы М.К. Крупская атындагы орто мектебинде уланды. Министр мектептин жалпы абалы, материалдык-техникалык камсыздалышы, китепканалардын абалы, санитардык эрежелердин сакталышы менен таанышып, балдардын сабактарына да катышты.

Ош облусу боюнча иш сапарынын акырында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош облусунун жаштары менен расмий эмес жолугушуу өткөрдү.

Өз сөзүндө министр өткөрүлүп жаткан жолугушуунун маанилүүлүгүн, жаштардын коомдогу орду чоң экендигин белгиледи. Жаштар министрге билим берүү тармагынын ар түрдүү багыттарын камтыган суроолорун узатышып, суроо-жооп ирээтинде маек курушту.

Пикир

Оставить комментарий