• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Билим берүү министри Купешев АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Билим 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министр Болотбек Купешев АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, ЮСАИДдин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кит Симмонс жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

АКШ элчилигинин өкүлдөрү КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан билим берүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы азыркы кырдаал боюнча ой бөлүшүштү. Атап айтканда, ЮСАИДдин мугалимдердин, усулчулардын жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган долбоорлору жана жаңы окуу китептерин, окуу материалдарын басып чыгарууга багытталган программалар тууралуу айтып беришти. Андан тышкары ЮСАИДдин өкүлү студенттерди жана профессордук-окутуучулук курамды алмашуу боюнча программалар, ошондой эле англис тилдүү волонтёрлорду тартуу аркылуу Кыргызстанда англис тилин даңазалоого багытталган программалар тууралуу маалымат бөлүшүштү.

Министр Купешев биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн аларга ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдой тургандыгын белгиледи. Ошондой эле ал министрликтин билим берүү жаатында эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамды координациялоодогу ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жаатындагы жалпы максаттарга жетүү үчүн бири-бирине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий