• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министри маркум Тынар Бубаеванын сыйлыгын уулуна тапшырды

Коом 0

Бишкек, 03.04.21./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маркум Тынар Бубаеванын сыйлыгын уулуна тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакат ылайык, 2020-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиянын физика мугалими Тынар Бубаева КР Ардак грамотасы менен сыйланган. Тилекке каршы, Бубаева 2020-жылдын октябрь айында мезгилсиз дүйнө салган. Ошого байланыштуу Ардак грамота маркумдун уулу Союзбек Бусурманкуловго тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде болуп өттү. Ага министрликтин жетекчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Министр Бейшеналиев Т.Бубаеванын уулуна КР Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыкты тапшырып жатып, чыныгы кесипкөй адис, чыгармачыл, уюштургуч педагог Тынар Бубаеванын мезгилсиз дүйнө салышы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы үчүн да орду толгус оор жоготуу болгонун баса белгилеп, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтты.

“Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясы далай асыл адамдарыбыздын өмүрүн кыйып, жакындарынын кабыргасын кайыштырып кетти. Ошондой оор сыноого маркум Тынар Искановнанын үй-бүлөсү да дуушар болду. Эжебиз пайгамбар жашынан өткөндө дүйнөдөн мезгилсиз кайтып, көптөгөн асыл максаттарынын өтөөсүнө чыга албай кете бериптир. Кеткенди кайрып ала албайт экенбиз, кайрат кылыңыздар, арты кайырлуу болсун”, – деди министр.

Маркумдун уулу С.Бусурманкулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, апасынан мезгилсиз айрылганы алар үчүн арылгыс арман болгонун айтып, Т.Бубаеванын үй-бүлөсүнүн атынан өлкө жетекчилигине моралдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Тынар Бубаева 1956-жылы 14-июлда Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн. 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун ошол эле жылы Өзгөн районундагы В. И. Ленин атындагы №20 орто мектепте физика мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1977-жылдан 2009-жылга чейин аталган мектепте физика мугалими, 2009-жылдын сентябрынан 2020-жылдын октябрына чейин Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназияда физика мугалими болуп эмгектенген.

Анын эмгеги жогору бааланып, жаш муундарды окутуп-тарбиялоого кошкон салымы үчүн 2014-жылы Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, 2011-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак громасы менен сыйланган.

Кесиптештеринин айтымында, ал сабактарда стандарттык эмес формаларды, инновациялык ыкмаларды колдонуп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыра алган.

Анын окуучулары жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөрдү алышкан. Ошондой эле физика предметинен олимпиадаларга катышып, олимпиаданын облустук, республикалык этаптарынан 1, 2-орундарды камсыз кылышкан.

Т.Бубаева интерактивдүү методдорду колдонуу менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, кругозорун кеңейтүү жана окуучуларды өз алдынча ой жүгүртүүгө тарбиялоону максат кылган. Тилекке каршы, шум ажал аны 2020-жылдын 14-октябрында арабыздан алып кетти.

Пикир

Оставить комментарий