• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министри мугалимдер жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында жалпы өлкө мугалимдерине жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

Министр өз сөзүндө мугалимдер учурда эмнеге жөндөмдүү экендиктерин жалпы коомчулукка, ата-энелерге көрсөтүп жаткандыктарын айтып өттү.

"Мен мугалимдерге абдан ыраазымын. Ошондой эле ата-энелерге да абдан чоң ыраазычылык билдиргим келет. Алар балдарынын окуусуна шарт түзүп берип, көмөк көрсөтүп жатат. Окуучуларыбыз элдин келечеги. Ушундай шартта мүмкүн болушунча китеп, билим менен достошкула", - деп өз сөзүн жыйынтыктады Исаков.

Пикир

Оставить комментарий