• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Билим берүү министри мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылуу жолдоду

Билим 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Кайрылуунун текстти:

“Кадырлуу кесиптештер! Ардактуу ата-энелер!

Акыйкаттыкты туу туткан, жаңыланууга жана тазаланууга умтулган калкыбыз соңку күндөрдө башынан кечирген окуяларда саясий элита акыл-эстүүлүктү көрсөтүп, бийлик мыйзамдуу жол менен алмашты. Өлкөбүздөгү коомдук-саясий кырдаал бат эле укуктук нукка түштү. Бул чыныгы демократиянын жана элдин жеңиши болду. Эми эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, улуттук ынтымакты чыңдашыбыз керек. Ошондо гана биз өлкөбүздө курчуган көйгөйлөрдү чечип, туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла алабыз. Ынтымагы жок элден ырыс качат, ынтымагы бар элдин бак-талаайы ачылат.

Билим берүү тармагында дагы күтүүсүз сыноолорго туш болдук. Бүт дүйнөгө бүлүк салган оору жайылып жаткан кооптуу кырдаалда балдарыбыздын өмүрүн тобокелге салбай, аралыктан окутууну убактылуу улантып жатабыз. Интернет жеткиликтүү болбой, санарип техникалар тартыш экенине, маалымат технологияларын колдонуудагы тажрыйбабыз аздыгына карабай, мугалимдерибиз аралыктан окутуу өнөрүн кыска мөөнөттө өздөштүрүп жатканы билим берүүдө кубаттуу потенциалдын бар экенин көрсөттү. Бул багыттагы иштерди ырааттуу улантуу үчүн Бишкекте Санарип технологиялар борборун түзүүнү максат кылуудабыз. Анын милдети - бүт республика боюнча мектептерде санарип окутуу технологияларын жайылтуу жана өнүктүрүү.

Бирок, маалымат технологиялары канчалык дүркүрөп өнүксө да, ал мезгил сыноосунан өткөн жандуу билим берүүнү эч убакта алмаштыра албасын ачык көрүп турабыз. Окуучуларыбыз дагы өзүнүн сүйүктүү мектебин, классташ курбу-курдаштарын сагынды. Ошондуктан, эң биринчи оюбуз жана тилегибиз – реалдуу окутуу шартына мүмкүн болушунча эртерээк кайтуу. Экинчи чейректи реалдуу режимде окута баштасак деген изги ниетте турабыз. Бирок, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экени баарыбызга маалым. Республикалык штаб өз кезегинде бул маселеде жети өлчөп, бир кескен туура чечим чыгарат деп ишенебиз. Ошол эле учурда балдарыбыз өздөрүнүн сүйүктүү мугалимдери менен бирге оору-сыркоодон алыс болуп, бейкапар окуш үчүн мектептерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык шарттарды түзүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатабыз.

Ар тараптуу өнүккөн, коомдун күтүүсүз сыноолоруна даяр болгон инсанды өстүрүү үчүн бала бакчадан баштап, бардык деңгээлде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу бул тармактагы стратегиялык башкы багытыбыз болуп саналат. Билим берүүнүн сапаты дегенде биз алган билимибизди реалдуу турмушта эффективдүү пайдаланууну, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кадрларды даярдоону камсыз кылган заманбап керектүү билим берүүнүн алгоритмин түшүнүүбүз керек.

Сапаттык жаңыланууга жетүү үчүн алдыбызда орчундуу көп маселе турат. Эң оболу мектептеги негизги фигура болгон мугалимдин кадыр-баркын жана кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү, ага ар тараптуу камкордук көрүү, рыноктун керектөөсүнө жооп бере алгыдай заманбап билим берүү тутумун куруу, аны башкарууну өркүндөтүү сыяктуу мааниси зор милдеттердин өтөсүнө чыгышыбыз керек. Мектептерде санарип сабаттуулуктун керектүү деңгээлине жетүү, мамлекеттик ресурстарды сарамжал пайдалануу, ишибизде ачык-айкындыкты камсыз кылуу, мыйзамсыз акча жыйымдарынын тамырын үзүү ар бирибиздин адекваттуу жана атуулдук чечкиндүү аракетибизге жараша болот.

Бирок жалпы коомчулуктун колдоосу болбосо, бир гана мектеп менен мугалимдердин аракетинен максаттарыбыз ишке ашпайт. Ошондуктан ата-энелерди азыркы учурда сабырдуулукту көрсөтүүгө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, мектеп менен тыгыз кызматташтыкта болууга чакырам. Билим берүү жана илим министрлиги дагы ата-энелер, коомчулук менен эриш-аркак иштөөнүн ар кандай формаларын жана механизмдерин караштырып жатат.

Бул үчүн өлкөбүздө саясий туруктуу кырдаал, улуттук ынтымак болушу абзел. Ошондуктан агартуу тармагынын кызматкерлери чыр-чатактан алыс болуп, ар кимибиз өзүбүздүн ордубузда ыйык кесипке көлөкө түшүрбөй, жоопкерчилик менен иштөөнү көрсөтүшүбүз керек.

Мугалим – кесиптердин эң улуусу. Кайсы заман болбосун, мугалимдер улуттук нарк-дөөлөттү бекем сактап, караңгылыкты сүрүп, билимдин жарык нурун чачып, эл-журтка акылмандык менен кыраакылыкты көрсөтүүдө үлгү болуп келишкен эмеспи.

Тездик менен өзгөрүп жаткан, улам жаңы коркунучтар тооруган бүгүнкү дүйнөнүн ар кандай кыйынчылыктарына моюн сунбай, жаш муундарга талыкпай билим-тарбия берип жаткан агай-эжейлерибиздин алдында башымды ийип таазим кылам.

Кадырлуу мугалимдер! Эгемен өлкөбүздүн, элибиздин келечеги силердин колуңарда. Баарыңыздарга кудайым күч-кубат берип, чыгармачылык жигериңер жанып, өлкөбүздүн бакубат келечегин куруу жолундагы ак эмгегиңердин акыбети кайтсын деп миң мертебе тилек кылам!”.

Пикир

Оставить комментарий