• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министри Парижде БУУнун саммитине катышты

Билим 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кечээ, 29-июнда КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Парижде БУУнун генералдык ассамблеясынын “Билим берүүнү трансформациялоо” темасындагы саммитине катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган саммитке министрдин биринчи орун басары Бактияр Орозов жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз дагы катышты.

"Бейшеналиев Кыргызстандын атынан билим берүү тармагын каржылоо жана санариптештирүүгө багытталган маселелерди көтөрдү. Анын президент Садыр Жапаровдун билим берүү тармагын өлкөнүн эң артыкчылыктуу, приоритеттүү багыты катары белгилеши тууралуу доклады саммиттин катышуучулары тарабынан чоң колдоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган жыйынга дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын билим берүү министри катышып жатат.

Эки күндүк саммитте адамзаттын пандемиядан кийинки билим берүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана багыттары боюнча талкуу болот.

Пикир

Оставить комментарий