• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри президенттик балатыга келген балдар менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өлкөнүн бардык аймактарынан президенттик балатыга келген балдар менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 1 миң 100 бала чакырылган. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Белгилей кетсек, 28-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балаты өттү.

Пикир

Оставить комментарий