• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган ЖОЖдордун өнүгүү стратегиясы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өзгөчө макам алган 5 жогорку окуу жайдын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында ректорлор өзгөчө макам алгандан кийин аткарылган иштер, өзгөрүүлөр, эл аралык кызматташуулар, университеттин өнүгүү стратегиялары, иш-чаралар планы жана келечекте күтүлгөн натыйжалар боюнча презентация жасашты.

Министр КМТУнун лабораториялары, коворкинг борбору жана жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору менен таанышып чыкты.

Мындан сырткары, Каныбек Иманалиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте ОloloPlanet креативдүү борборуна барып, бизнес-стартаптарды баштоо жушундай креативдүү борборлор менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана жаштарды тартууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий