• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Билим берүү министри Жалал-Абаддагы курулушу токтоп турган мектепке барды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад шаарына иш сапары менен келди, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр шаардагы №18 Манас - 1000 жалпы орто билим берүү мектебине барды. Учурда бул мектепте 260 окуучу билим алат.

2019-жылы эски имараттын жанына жаңы мектеп курула баштаган. Министр биринчи кабаты түптөлүп, курулушу токтоп турган 275 орундуу мектеп имараты менен таанышып чыкты.

Жалал-Абад шаарынын башчысы Эрнисбек Ормоков орундардын тартыштыгынан улам ата-энелер балдарын башка мектептерге алып барып жатканын айтты.

"Шаар башчысы министрге жаңы мектепке болгон муктаждыкты жеткирди. Министр мектептин курулушун көзөмөлгө алып, тийиштүү аракет жүрө турганын билдирди. Аны менен катар балдардын билимге болгон умтулуусун жана билим сапатын жогорулатууда алдыңкы технологияларды пайдалануу менен сабак өтүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий