• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министри жалпы республикалык тестирлөөнүн мазмуну туурасында айтып берди

Билим 0

Бишкек, 20.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эртең, 21-июнда жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы, 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы, 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы жана 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт.

"Эртеңки негизги тесттин убактысы 3 саат 35 мүнөт. Бүтүрүүчүлөрдүн келип, орун алышы жана тест баракчаларын алуу убактылары эсептелинбейт. Качан гана даярбыз дегенде убакыт эсептелине баштайт. Негизги тесттеги математикада 60 суроо, ага 90 мүнөт берилет, аналогия же сүйлөмдөрдү толуктоо бөлүмдө 60 суроого 90 мүнөт, эне тил бөлүмүндө 30 суроого 35 мүнөт убакыт берилет", - дейт ал.

Исаков маалымдагандай, 22-июнда өтө турган предметтик тесттин гуманитардык сабактарына 60 мүнөт, табигый илимдерге 80 мүнөт берилет.

"Тарых предмети боюнча 40 суроого 60 мүнөт, кыргыз тил жана адабиятка дагы 40 суроого 60 мүнөт берилет. Орус тил жана адабият, биология жана англис тилге дагы 60 мүнөт берилет. Математика, физика, химияга сыяктуу табигый так илимдерге 80 мүнөттөн берилет", - дейт министр.

Исаков сүйлөө, көрүү, угуусу начар болгон бүтүрүүчүлөргө да шарт түзүлө турганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий