• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү министри жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү

Билим 0

Бишкек, 11.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын максаты министрлик тарабынан иштелип чыгып, өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына координациялоо үчүн тапшырылган долбоордук линиялардын жол карталары менен таанышып, аларды талкуулоо болду.

ЖОЖдордун жетекчилери өздөрүнө бөлүнгөн долбоорлорго ылайык:

  • “ЖОЖдордун рейтингин” түзүү боюнча Бишкек мамлекеттик университетинин ректору А.И. Мусаев;
  • “Келечектин мугалимдерин” даярдоо боюнча Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Т.А. Абдырахманов;
  • “Окуу-усулдук бирикмелерди модернизациялоонун концепциясы” боюнча Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору А.А. Абдыкалыков;
  • “ЖОЖдук илимди өнүктүрүүнүн перспективалары” боюнча Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ректору Р.З. Нургазиев;
  • “XXI кылымдын кадрлары” боюнча КРПМБАнын ректору А.А. Акматалиев;
  • “Билим берүүнү санариптештирүү” боюнча Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М.К. Чыныбаев;
  • “Эмгек рыногу” боюнча Кыргыз экономикалык университетинин ректору А.Т. Кадыралиев;
  • “Билим берүүнүн сапаты” боюнча Борбор Азиядагы Америка университетинин академиялык маселелер боюнча колледжинин директору Ж.Т. Назаралиева;
  • “Билим берүүнүн технологиясы жана мазмуну” боюнча Борбордук Азия университетинин гумантардык жана так илимдер мектебинин деканы М. Хомяков;
  • Өлкөнүн “PISA 2025”ке даярдануусу боюнча Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин проректору С.К. Калдыбаев;
  • “Билим берүү жаатындагы мыйзамдарды талдоо” боюнча Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г. Кожобеков презентация жасады.

Долбоордук линиялардын жол карталары менен таанышкан соң, жыйындын катышуучулары долбоорлорду талкуулап, сунуш-пикирлери менен бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий