• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министринин м.а. Каныбек Иманалиев жарандарды кабыл алууда

Экономика 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев жарандарды кабыл алууда.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарандар мектеп директорлору жана мугалимдердин ишмердүүлүгү, мектепке наам берүү, билим берүүнүн сапаты, ата-энелер менен иш алып баруу, мектептерди куруу жана башка маселелер боюнча кайрылууда.

Кайрылгандардын арасында мектеп директорлору, мугалимдер, жарандык активисттер, жеке ишкерлер бар.

Эскерте кетсек, Каныбек Иманалиев ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий