• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министринин милдетин Уланбек Мамбетакунов аткармай болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгондугу айтылат. "Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлиги билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий