• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт

Билим 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты. Ал райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, нускамада окуу процесси салттуу (1-класс) жана дистанттык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн.

1-сентябрында менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлөт.

Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанттык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.

Нускаманы бул шилтемеден жүктөп алсаңыз болот: https://edu.gov.kg/kg/news/metodicheskie-rekomendacii-dlya-uchebnogo-processa-v-shkolah-v-usloviyah-pandemii/

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий