• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги 19 миң сомдук телевизорлорду 30 миң сомдон сатып алган – прокуратура

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Билим берүү министрлигинин кызматкерлери республикадагы мектептер үчүн 19 миң сомдук телевизорду 30 миң сомдон сатып алып, мамлекеттик казынага ири суммада зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 14-сентябрында Билим берүү министрлиги 2118 мектепте 4236 телевизор сатып алуу жана жеткирүү боюнча сынак өткөргөн.

Тендердин шарттарына жооп бербегенине карабай, министрлик "АР" фирмасын жеңүүчү катары тандап, аны менен 129 миллион 731 миң сомдук келишим түзгөн.

Министрлик бир телевизорду 30 миң 626 сомдон сатып алууга макул болгон. Ал эми "АР" фирмасы бул телевизорду 19 миң 398 сомго эле салып калган. Ортодогу айырма 47 миллион 561 миң сомдон ашкан.

Ошондой эле, "АР" фирмасы телевизорлорду мектепке жеткирүү жана орнотуу мөөнөтүнөн кечиккен.

Келишимдин мөөнөтүн бузган үчүн Билим берүү министрлиги "АР" фирмасына каршы 3,8 миллион сом айып пул салышы керек эле.

Айып пул салуунун ордуна, министрлик жеке ишкананын кызыкчылыгы үчүн жеткирүү мөөнөтүн узартып берген.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Билим берүү министрлигинин жогорку кызмат адамдары жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өз милдетин так аткарбагандыктан, мектептерге телевизор сатып алуу казынага 7 миллион 235 миң сомго кымбат түшкөн.

Бул факты боюнча бир нече берене боюнча кылмыш иши козголду. Териштүү жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий