• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги 2021-2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарандык коомдун эксперттери менен биргеликте 2021-2030-жылдарга карата Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

2030-жылга максат жана милдеттерге жетүү үчүн документте мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу, PISA эл аралык рейтингинде окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртуу белгиленген.

Жогорку билим берүүдө мамлекеттик ресурсту эл аралык даражасы бар, сырткы рынокто талабы күч болгон саналуу жогорку окуу жайларга багыттоо сунушталат.

Баштапкы, орто жана жогорку билим берүү тармагында жумуш ордунда окутуу усулун колдонуу аркылуу улуттук квалификация талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоо үчүн комплекстүү реформаларды жасоо каралган. Ошондой эле Кыргызстан жана башка мамлекеттердин жумуш берүүчүлөрү менен байланышты бекемдөө маанилүүлүгү көрсөтүлдү. Билим берүү тармагындагы жеке сектордун өнүгүүсүндө жаралган тоскоолдуктарды жоюу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү пландалды.

Стратегия долбоорунда илим изилдөө багытын прикладдык изилдөөгө жана экономикалык натыйжалуулугу эффективдүү жумуштарга өзгөртүү камтылган. Илимдин өнүгүүсү эл аралык талаптарга жооп берген илимий даражаны келтирүү жолу менен барышы керек.

Бул өнүктүрүү стратегиясы билим берүү системасына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана аны өркүндөтүү сунуштарын даярдоо боюнча эксперттик топко көрсөтүлөт. Алар стратегиялык долбоорду толуктоо үчүн өз сунуштарын беришет.

Пикир

Оставить комментарий